Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

12:15 Бишкекте майыптардын көйгөйлөрүн чечүүгө арналган эл аралык семинар башталды


Шейшембиде башталып 24-октябрга чейин созулчу семинарга Борбор Азия мамлекеттериндеги жана Пакистан, Таиланд, Филиппин, ошондой эле Жапониядагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кырктан ашык уюмунун өкүлдөрү катышууда. Анда жалпысынан аталган аймактардагы майыптардын маселесин чечүү үчүн биргелешип иш алып баруу, бул жаатта иш алып барган уюмдарды ар тараптан өнүктүрүү сыяктуу маселелер талкууланууда. Бул туурасында Эл аралык кызматташуу боюнча жапон агенттигинен (JICA) маалымдалды. Расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда жүз миңден ашык майып адам бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG