Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

14:51 Чоң Aлай районунда кеңсеси күлгө айланган Кашка-Суу айыл өкмөтү эски мектепке көчтү


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган райондун акими Мукаш Каримбеков 21-октябрда түнү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесин өрт чалып, натыйжада жыгачтан курулган 240 чарчы метрлүү имарат бүтүндөй күйүп кеткендигин, бактыга жараша тегерегиндеги жашоочулар жабыркабагандыгын белгиледи. Учурда эксперттер кырсыктын себебин жана көлөмүн аныкташууда. Жергиликтүү талдоочу Асанбек Каракозуев Ош облусунда жыл сайын ондогон мамлекеттик имараттар өрткө чалдыгаарын эске салып, тилекке каршы, ошол кырсыкка себепкерлердин бири дагы эмдигиче жоопкерчиликке тартылбагандыгын маалымдады. (ATo)

XS
SM
MD
LG