Федералдык иликтөө борборунун (FBI) айтымында, алгачкы анализдер порошок кооптуу же уулуу зат камтыбаганын көргөздү. Расмий маалыматка ылайык, каттарды бир эле жерден жолдошкон жана алар азыркы финансылык кризиске байланыштуу болушу ыктымал. Каттардын көбүндө коркутуп-үркүтүүлөр жазылган. FBI мындай каттарды тамаша иретинде жөнөтүү да оор кылмыш болуп эсептелээрин айтат.
АКШ бийликтери Чэйз банкынын 9 шаарындагы филиалдарына шектүү порошок салынган 30 кат жөнөтүлгөнүн кабарлашты