Депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө Искендер Гаипкулов учурда Эсеп палатасын реформалоо боюнча, мыйзам кабыл алынып, структуралык өзгөрүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. Ал өзгөрүүлөргө ылайык Эсеп палатасынын аудиторлору кыскартылып, 12 аудитордун ордуна 3 гана аудитор калат. Эсеп палатасы мындан аркы ишинде текшерүүлөргө эмес, бюджеттик каражатты натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурат.(AiT)