Демилге менен чыккан фракциянын лидери Бакыт Бешимов комиссиянын курамына социал-демократиялык жана коммунисттик фракциялардын депутаттарын сунуштаган. Анын пикиринде,энергетикалык тармактагы кризисттик кырдаалды жана коррупцияны иликтөө үчүн оппозициялык фракциялардан комиссия түзүлгөнү туура. Бул эл аралык практикага туура келет. Бирок “Ак жол” фракциясынын депутаттары А.Калмаматов, Т.Орозалиев, Д.Молдошева каршы чыгып, өкмөт абалды иликтеп жаткандыктан комиссия түзүүнүн зарылдыгы жок деп чыгышты. Ажибай Калмаматов “Ак жол” фракциясы энергетика тармагын иликөөчү комиссия түзүүгө каршы экенин кошумчалады.(AiT)
12:38 Социал-демократиялык фракция энергетика тармагындагы абалды иликтөө үчүн убактылуу комиссия түзүүнү сунуштоодо