Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

15:45 Жарык өчүрүлө баштагандан тартып даяр бизнестердин жабылуусу көбөйдү


Мындай пикирин Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров “Азаттыкка” билдирди. Министрдин айтымында, ички дүң продукциясынын өсүшү алты пайызга кыскарып, бир миллиард сомго чейин продукция чыкпай калган. Ошондой эле тыштан инвесторлордун келиши солгундап, даяр бизнестердин көбү сатылып жаткандыгын белгилеген А.Жапаров, бул багытта ишкерлерден талаптар түшүп жатканын кошумчалады. “Тышкы инвесторлор эмес, жергиликтүү ишкерлерден кийинки жылы да ушундай өчүрүү улана берсе, бизнести таптакыр жабабыз деген талаптар көп түшүүдө”,-дейт Акылбек мырза.
Ал эми Жогорку Кеңеш бүгүн Социал-демократтар фракциясынын энергетикадагы жагдай боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун карап, бирок “Ак Жол” фракциясы депутаттык комиссия түзүүнүн кажети жок тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG