Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Министрликтен алынган маалыматка караганда, фольклордук-этнографиялык “Ордо сахна” театры жана Кыргыз эл артисти Роза Аманова Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана ушул өлкөнүн Телеберүүлөр боюнча комитеттин башкы дирекциясынын чакыруусу менен Анкара шаарында болуп, кайрымдуулук концертин уюштурушкан. Андан түшкөн каражат премьер-министр Игорь Чудинов жана Каржы министри Тажикан Калимбетованын 30-октябрь – 1-ноябрь күндөрү Түркияга болгон расмий сапарында тапшырылат. (КЕ)
17:10 Түркиядагы кайрымдуулук концертинен түшкөн 15 миң 250 доллар Нура айылындагы зилзаладан жабыр тарткандарга жумшалат