Синьцзянь Уйгур автоном облусунун Кашгар округунун губернатору Гуань Сань Пин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Оштогу соода жармаңкесине кытайлык 100дөн ашык ишкерлер катышып, 200 чакты аталыштагы товарларын кардарлар сынына коюшууда. Иш-чара эртең аяктайт. Оштук көз карандысыз эксперт Эркин Абдыразаков кытайлыктар Ошко жылда сапатсыз товарларын алып келип жармаңке өткөрүшөөрүн, алар Кыргызстанга теңата өнөктөш катары мамиле кылбастыгын, аягында өлкөдөн тери, жүн сыяктуу кымбат баадагы чийки заттарды арзан наркта жүктөп кетишээрин маалымдады. (ATo)