Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:50

18:01 Жалал-Абат университетинин окутуучулары министр менен губернаторго арызданган жатышат


Университеттин катардагы мугалимдери бүгүнтөн тарта кайрадан кол топтоого киришти. Алар келишимдерден түшкөн акчалар окуу жайдагы окумуштуулар менен жөнөкөй окутуучулардын айлыктарына тегиз бөлүштүрүлбөгөнүнө капа болушууда. Ушундай талап менен 98 мугалим кол койгон кат университеттин ректоруна тапшырылган. Бүгүн алар кайрылууга байланыштуу 22-октябрда болуп өткөн жыйынга канааттанышпагандыгын жана талаптары аткарылбагандыгын, колго тийген маяна менен жашоо мүмкүн эместигин, окумуштууларга түзүлгөндөй шарт аларга көрүлбөгөндүгүн билдиришти. Окуу жайдын ректору Абдумаматкадыр Ашыралиев эмгек акылар бардык окутуучуларга кошулганын, окуу башталаарда берген убадасын аткарганын, айрым адамдар катардагы мугалимдерди пайдаланып жаткандыгын белгиледи. Бул окуу жайда иш таштоо болору тууралуу маалыматтар ырасталган жок. (YA)

XS
SM
MD
LG