Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган Ысык-Көл экинчи эл аралык фестивалы Чолпон-Ата шаарында дагы үч күнгө созулат. Бүгүн “Чолпон” театрында Евразиядан баш байгени алып келген “Кош бол Гүлсары” фильми көрсөтүлдү.
Казак режиссеру Ардак Амиркулов тарткан бул киного кыргыз киноактеру Догдурбек Кадыралиевдин башкы каарман Танабайдын образын аткарган актер мындай деди:
- «Гүлсарыны» 10-класста окугам. Кожожашты ойногондон кийин ушуну кайра окудум, бир түндө окуп ыйладым. Көрсө, жаш кезимде Танабайдын кыйналганын түшүнбөпмүн. Танабайдын багы мага келип калды. Ошонун баарын эстеп, берейин элге жеткиргенге аракет кылып. Ардак менен сүйлөштүм, согушка катышкан ал киши, жини бат келген, курчураак болсун деп. Мурдагы «Жоргонун жүрүшү» деген кино бар, анда Танабайды казктардын гениалдуу актеру Бурмухандан Турин ойногон. Ал киши башкача берген аны.
Бирок актердун өкүнгөнү Чолпон-Ата шаарында кино көрсөтүү техникалары керектен чыккандыктан элге сапатсыз тартылгандай таасир калтырганы. Дегеле ушул фестивалдын уюштуруу иштери түшүнүксүз болуп атат дейт бул актер:
- Уюштуруу начарыраак болуп калыптыр. Мен жашырбай эле айтып койсом болот. Көп эле коноктор келди, баары эле нааразы болуп атат. Уюштурган комитет мага таарынбай эле койсун, өз күнөөбүздү өзүбүз билишибиз керек. Кайсы кино качан көрсөтүлөт эч ким билбейт, башаламандык абдан чоң.
Фестивалдын директору Тынай Ибраимов өз кезегинде : - Ар бир фестиваль идеалдуу болбойт. Бирөөнө бир нерсе жакпаса, бирөөнө жагат. Эмми жакпагандар бар, эми баарына жетише албайбыз да, - деп жооп кайтарды.
Кыргызстандагы кино көрсөтүү тармагынын техникалык базасы өтө төмөндөп кеткенин кошумчалаган Тынай Ибраимов эми ал үчүн атайын долбоор иштеп чыгууну сунуштады.
Директордун айтуусунда, Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүүгө бөлүнгөн каражат жетишсиз:
- Биз сметаны 500 миллиондун тегерегинде түзгөнбүз. Бизге призовой фондго акча жетпей калды. Биз спонсорлорду издедик. Өзүңөр көрүп атасыңар абдан кымбат бул жакка жетиш.
Учурда онго жакын калыстар тобу сынакка коюлган 16 кинонун жарымын талдап бүттү. Баш байгеге Күн Адамы деп аталган Саймалуу-Таштардагы сүрөттү элестеткен атайын сыйлык даярдалыптыр. Салмагы бир килограммдай баалуу белек алтындан жазалган. Ал Кыргызстандагы кино мыктыларынын туруктуу баш байгеси катары калат экен.
Фестивалдын алкагында эртең 24-октябрда Ташкул-Ата маданий комплекси Чыңгыз Айтматовдун ысымына которулат. Ал үчүн атайын айкели орнотулуп, бул расмий иш чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу катышаары маалым болду.