Глобалдык каржы баш аламандыгына карабастан Орусия кризистен өзүн коргоп калууга экономикалык мүмкүнчүлүгү жетет. Орусия президенти Дмитрий Медведевдин ушундай билдирүүсү анын сайтында жайгаштырылды. Ушул эле күнү Медведевдин элге кайрылуусу башка учурга жылдырылды. “Moscow time” гезитинин жазганына караганда, президент элге келерки жумада кайрылат. Медведевдин бейшембиге белгиленген кайрылуусу эмне себептен которулгандыгы тууралуу Кремль маалымат берген жок.