Бул тууралуу Улуттук банк төрагасынын орун басары Кубанычбек Бөкөнтаев маалымат жыйынында билдирди. Статистикалык комитетин маалыматы боюнча, азык-түлүк жана суусундуктардын баасы жыл башынан бери он алты пайызга жогорулаган. Кызмат көрсөтүү 27,8пайызга, ал эми ичимдиктер менен тамеки баалары он эки пайызга өскөн. Сентябрь айында биринчи сорт ун 2,4, эт бир жарым, кумшекер бир пайызга арзандаган. (AiJu)