Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 13:01

17:05 “Түндүк электр”: Согуштун, туткунга түшкөн ардагерлердин, Ленинграддык блокадага кабылгандардын үч фазалуу кошулуму өчүрүлбөйт


Бул тууралуу “Түндүк электр” Акционердик коому билдирди. “Токтогул” суу сактагычынын көлөмү толгондон кийин “Түндүк электр” 3 фазалуу кошулуму өчүрүлгөн абоненттерге бөлүштүрүү компаниясынын эсебинен 3 фазалуу кошулумун улап берээрин да кабарлады. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 17 миң 745 үч фазалуу кошулум, Чүй областы боюнча 48 миң 698, Талас областы боюнча 7 миң 415 үч фазалуу кошулумдар өчүрүлдү. Күнүмдүк рейддин натыйжасында “Түндүк электрдин” адистери 3 фазалуу кошулумду өз алдынча кошуп алгандарды каттоодо. Тиешелүү актылар Өнөр-жай,отун ресурстары жана энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ инспекциясына административдик чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилет, деп “Түндүк электр” эскертүүдө.(MSu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG