ЕККУнун колдоосу менен Оштогу «Лотос нуру» коомдук уюму өткөргөн талкуу-семинарга облустагы 7 партиянын өкүлдөрү катышты. Анда айтылгандай, 5-октябрдагы шайлоодо «Ак жол» партиясынын мүчөлөрү бийлик тымызын кубаттаганы үчүн көп жеңишке жетишти. Башка партиялар каражатынын тартыштыгынан жана бийлик партиясы жеңет деген ишенимден улам аз катышкан. Саясий технологиялар менен программаларынын иштелип чыкпаганы, уюштуруу жана үгүт иштеринин начардыгы, каражатты кайда жумшоону билбегендиги, шайлоонун партиялык тизме менен өтпөгөнү жана шайлоо аралыгында элди унутуп койгону да көп партиялардын кемчилдиги болду. Партиялардын өкүлдөрү тизмелер толук болбой, шайлоо комиссияларынын мыйзамга ылайык иш кылбаганын да айтышты. “Ак жол” партиясынын жаштар комитетинин башчысы эл ишенгени үчүн партиянын мүчөлөрү арбын депутат болгонун белгиледи. (YA)