"Союз ТМА –12" кемесинин алар түшкөн аппараты бүгүн Казакстандын талаасына конду. Орусиялык космонавттар Сергей Волков менен Олег Кононенко Эл аралык космос станциясында 200 күндөй болушту. Ал эми дүйнөнүн алтынчы космос туристи, америкалык миллионер Ричард Гэрриот космосто 12 күндү өткөрүп, бул үчүн Орусияга 35 миллион доллар төлөгөн.