Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Түркиянын башкаруучу партиясы секулярдык мыйзамды бузган


Бул тууралуу өлкөнүн Конституциялык соту өзүнүн июлдагы чечими боюнча бүгүн жарыялаган түшүндүрмөдө айтылган. Анда Конституциялык сот бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясына тыюу салуу жөнүндөгү талаптарды четке кагып, бирок партияны Түркиянын секулярдык принциптерине шек келтиргени үчүн акчалай айыпка жыккан эле. Конституциялык соттун бүгүнкү түшүндүрмөсүндө айтылгандай, Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын кыз-келиндердин университеттерде жоолукчан жүрүүсүнө салынган тыюуну жоюу аракети, ал секулярдык мыйзамдарды бузганын көргөздү. Бирок партия секулярдык түзүлүштү күч колдонуу аркылуу кулатууну көздөгөн эмес.

XS
SM
MD
LG