Жозе Мануэл Бароссо бул тууралуу Азия жана Европа лидерлеринин Пекиндеги бүгүнкү саммити учурунда айтты. Ал глобалдык экономикалык кризистен жабыр тарткан өлкөлөрдү эл аралык каржы системасы үчүн жаңы эржелерди түзүүдө жарнакташып иштөөгө чакырды. Каржы кризиси Азия –Европа форуму же АСЕМ деген ат менен белгилүү саммиттин күн тартибиндеги башкы маселе. Эки жылда бир өтүүчү бул саммит кандайдыр бир чечим чыгара албайт, бирок катышуучулар жыйын глобалдык каржы кризисине каршы чаралар боюнча Европа менен Азиянын биргелешкен позициясын иштеп чыгууга түрткү берет деп үмүттөнүшүүдө. Каржы кризиси 15-ноябрда Вашингтондо дүйнөнүн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан ири өлкөлөрүнүн саммитинде талкууланганы жатат.