Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Өзбекстан: Укук коргоочу он жылга эркинен ажыратылды


Жакында эле Евробиримдик тарабынан “адам укугу оңоло баштады” деп табылган Өзбекстанда 24-октябрда белгилүү укук коргоочу Азам Тургунов он жылга эркинен ажыратылды. Ушул айдын башында дагы өкмөттү сындап келген көз карандысыз журналист он жылга эркинен ажыратылган эле.

24-октябрда Азам Тургуновго сот өкүмү угузулгандан кийин өзбек оппозициясынын мүчөсү Дилором Ишокова сот чечимин Евробиримдик үчүн жасалган белек катары баалады. Жакында эле Евробиримдик “Өзбекстанда адам укугу жаатында абал оңоло баштады” деп өзбек бийлигине карата мурда киргизген чектөөлөрүн жеңилдеткен болчу.

- Акыйкат сот болгон жок. Бул театр болду. Мен Азам Тургунов боштондукка чыгарылат деп күткөн эмесмин. Бийлик эртеби-кечпи кандайдыр бир себеп таап, аны эркинен ажыратмак. Тургуновдун эркинен ажыратылышы анын адам укугун коргоо ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Мунун бардыгы Евробиримдик “Өзбекстанда адам укугу жаатында жакшы жылыштар байкалды” деп, өз чектөөлөрүн алып таштагандан кийин болуп жатканына нааразымын. Бул чечим чектөөлөрдү алып таштагандар үчүн белек.

Катталбаган “Мазлум” уюмунун негиздөөчүсү Азам Тургунов “опузалап акча алууга аракет жасаган” деген кине менен июлда камакка алынган. Тургунов Каракалпакстан автономдук республикасында сот тарабынан айыптуу деп табылган.

Укук коргоочу бардык айыптарды четке кагып, муну куугунтук катары баалоодо. Тургунов жетектеген уюм Өзбекстандагы түрмөлөрдө отургандардын укугун коргоп, абактардагы кыйноо фактыларын изилдечү.

Биринчи жолу Тургунов 1998-жылы 6 жылга эркинен ажыратылат. Бирок эки жылдан кийин Тургунов мунапыс алып, боштондукка чыгары менен ага чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган.

Бийликтин кысымына карабастан Тургунов укук коргоочу катары ишмердүүлүгүн уланта берерин, эгерде бардыгы ушинтип унчукпай отура берсе, кырдаал мындан ары дагы начарлай турганын билдирди.

2005-жылы Анжиянда болгон коогалаңдан кийин Тургунов көпчүлүк укук коргоочулар жана журналисттер өңдүү эле өзбек бийлигин сынга алган.

Жыл башында өзбек өкмөтүн сындаган башка бир журналист Юсуф Жума Ислам Каримовдун президенттиктен кетүүсүн талап кылгандан кийин камакка алынган. Юсуф Жуманын үй-бүлөсүнүн айтымында, абакта аны кыйнашкан.

Ушул айдын башында көз карандысыз журналист Салижон Абдурахманов дагы он жылга эркинен ажыратылган. Ал эми башка бир журналист Наталия Бушуева салык төлөөдөн качкан деген айып менен бозгунга кетүүгө мажбур болгон.

Өзбек бийлиги Хьюман Райтс Уотчтун кеңсесинен сырткары бир катар эл аралык бейөкмөт уюмдарды дагы жапкан. Тизмеде “Ачык коом” институту, “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жана Би-Би-Синин Ташкенттеги кызматтары бар.

Мына ушул жагдайдан улам Евробиримдиктин Өзбекстанга карата чектөөлөрдү жумшартышы көптөгөн өзбек журналисттердин жана укук коргоочулардын нааразычылыгын жаратты.

Брюссел чектөөлөрдү жеңилдетүү тууралуу чечими үчүн көпкө актанды. Биримдиктин тышкы иштер министрлери расмий Ташкент укук коргоочулардын айрымдарын абактан бошотуп, сөз эркиндиги боюнча Евробиримдик уюштурган конференцияга уруксат бергени үчүн мурда киргизилген чектөөлөр жеңилдетилгенин айтышууда.

Өзбек укук коргоочулары Евробиримдик чектөөлөрдү жеңилдетип, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө репрессиячыл саясат жүргүзсө жазаланбайт деген кабар жиберди деп кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG