Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

11:00 “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эларалык форум ишин баштады


Бүгүн Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эларалык форум өз ишин баштады. Аны Маданият жана маалымат министрлиги менен “Диалог Евразия” Платформасы уюштурууда. Уюштуруу комитетинин билдиргени боюнча, форумдун ачылышы мамлекеттик филармонияда болуп, андан соң бир катар окуу жайларда секцияларга бөлүнгөн форум өзүнүн талкуусун баштамакчы. Аталган эларалык форумдун жыйынтыктоо аземи эртең болуп, анда “Түрксой” уюмунун Ч.Айтматовго арналган атайын сыйлыгы тапшырылмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG