Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

13:30 Э.Каптагаев: Үй-бүлөлүк башкаруу системасы өзгөрмөйүн эч нерсе өзгөрбөйт


Мындай пикирин “Улуу биримдик” партиясынын лидери, “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Эмил Каптагаев Бишкек шаардык кеңешинин мындан аркы иши жана андагы маанилүү кызмат орундарына студенттердин келиши жөнүндөгү “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешинин Экономика, инвестиция жана тышкы байланыштар комиссиясын 21 жаштагы Анастасия Завьялова жетектеп, анын орун басары 22 жаштагы Рахманов Абдуллабек Пайзуллабековичтин болгонун сындагандар көп болгону менен башка адамдар келгенде деле эч нерсе өзгөрмөк эмес. “Анткени, бийлик системасы ошондой. Ак үйдөгүлөр шаардык кеңешке өздөрүнүн адамдарын алып келишип, аларды кол бала катары урунгулары келип жатат. Андыктан бил системаны түп тамырынан өзгөртмөйүн шаардык кенешке абдан тажрыйбалуу адистер келсе да натыйжа чыкпайт”,- дейт Э.Каптагаев. Ал эми шаардык кеңештеги маанилүү кызматтардын биринде турган 22-жаштагы Абдуллабек Рахманов маалымат каражаттарына, азыр мезгил алмашып жатканын, жаштардын көз караштары чоңдордукунан башкача экендигин, жалпы коом үчүн иштегенге күчтөрү жете турганын айтууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG