Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

14:22 А.Касымалиев: Салык саны азайып, ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө


Бул тууралуу Салыктар жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын пикиринде жаны салык кодесинин мурдагыдан кыйла айырмасы бар. Биринчиден, мурда 16 салыктын түрү болсо ал сегизге түштү. Экинчиден, кээ бир салыктын өлчөмдөрү азайды. Мисалы, кошумча нарк салыгы мурда 20 пайыз менен алынып келген болсо, жаңы салык кодексинде он экиге түшүрүлдү. Андан тышкары, мурдагы сатык, жол жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча салыктардын ордуна бир жалпы салык киргизилди. Ошондой эле А.Касымалиевдин айтымында, жаңы салык кодексинде текшерүү принциптери да өзгөрдү. Маселен, мурдагы салык кодекси боюнча ишкерлер жылына бир жолу сөзсүз текшерүүдөн өтүшсө, жаңы кодекс боюнча ак ниеттүү салык төлөөчүлөр атайын программа боюнча текшерилбейт. Ал эми “Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиевдин пикиринде, жаңы салык кодекси мурдагыдан алда канча дурус болду, бирок ал иштеп баштагандан кийин оңдоп-түзөөчү жерлери байкалышы да мүмкүн. (IJz)

XS
SM
MD
LG