Сильвио Берлускони Астанага бүгүн кечинде Кытайдан мекенине кайтып бара жатканда токтомокчу. Интерфакс-Казакстан маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, ал президент Нурсултан Назарбаев менен жолугат. Сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Казакстандын Каспий жээгиндеги эң ири Кашаган мунай кенин иштетүүгө байланышкан маселелерге бурулары күтүлүүдө. Кенди иштетүү укугун Италиянын ЕНИ компаниясы баштаган концорциум жеңип алган. Бирок долбоор бир нече ирээт создуктурулгандыктан, Казакстандын өкмөтү эгер концорциум продукция берүүнүн мөөнөтүн аткарбаса, келишимди бузарын эскерткен болчу.