Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Президент Жорж Буш АКШ НАТОнун кеңейишин колдоорун дагы бир ирээт билдирди


Вашингтондогу кечээ салтанатта Жорж Буш Хорватия менен Албаниянын НАТОго киришине жол ача турган, “кабыл алуу протоколу” деп аталган документке кол койду. Эгерде НАТОго мүчө 26 өлкөнүн бардыгы бул протоколду ратификацияласа, анда Балкан аймагындагы бул эки өлкө Түндүк Атлантикалык аскерий ынтымакка кошула алат. Ага катар президент Буш Кошмо Штаттар Украина, Грузия, Босния жана Черногориянын болочокто НАТОго кабыл алынышын колдой тургандыгын дагы бир ирет тастыктады. Буштун айтымында, эгерде Сербия деле ушундай нукту тандап алса, анын ниети кубаттоого алынмак. Ал эми Орусия НАТОнун анын чек арасына улам жакындап кеңейтилишин өлкө коопсуздугу үчүн коркунуч катары баалап, бул жараянга каршылыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG