Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

13:18 Адам укугун коргоого арналган даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Ысык- Көлдө уланат


“Бир дүйнө” деген аталыштагы иш-чара 28-30-октябрь күндөрү Каракол шаарында өтөт. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Диана Макенбаеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда фестивалды өткөрүү үчүн Караколдо тиешелүү даярдыктар көрүлүүдө. Фестивалда Өзбекстан, Тажикстан жана Чехиянын кинорежиссерлору тарткан миграция, кулдукка сатуу, аялдардын жана балдардын проблемаларына арналган тасмалар көрсөтүлөт. Белгилей кетчү нерсе, “Бир дүйнө” фестивалы 23-25-октябрь күндөрү Бишкекте өткөн. Яна Поктованын айтымында, Динара Сүймалиева тарткан “Бул ким?” (“Без лица”) тасмасы көпчүлүктүн сүйчөнчүгүнө ээ болду. Аталган фестиваль Кыргызстанда ушуну менен экинчи ирээт өтүп жатат. Фестивалды уюштуруучулардын катарында Эркин Европа жана Азаттык үналгысы дагы бар.(MSu)

XS
SM
MD
LG