Македониянын Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү маалымдашынча, чек араларды аныктоо (демаркация) иштери октябрдын аягында соңуна чыгат. Үстүбүздөгү айдын башында Македония Косовонун эгемендүүлүгүн тааныган. Чек ара тууралуу макулдашуу – бул эки өлкөнүн ортосундагы өз ара дипломатиялык мамилелерди орнотуу жана бири-бирине элчилерди жиберүү үчүн зарыл шарттардын бири болчу. Бул дипломатиялык кадамдарды жүзөгө ашыруу ноябрга белгиленүүдө.