Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Пакистан менен Ооганстандын теги пуштун уруу башчылары Исламабадда жолугушат


Пакистан менен Ооганстандын теги пуштун уруу башчылары жана саясатчылары жоочулардын зомбулук аракеттерин ооздуктоо жолдорун талкуулоо үчүн эртең (27-октябрда) Исламабадда жолугушат. Алар талиптер менен ок атышууларды токтотуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү ыктымалдыгын да талкууга алышы мүмкүн. Уруу төбөлдөрүнүн жана саясий лидерлердин бул жолугушуусу “Оогандык-пактистандык кичи курултай” – “Жиргагай” деп аталат. Өткөн жылы Кабулда ири курултай орун алып, анын катышуучулары эки өлкөдө тең жоочулар менен куралдуу тирешүүлөрдү токтотуу үчүн талип жоочулары менен сүйлөшүү жүргүзө баштоону сунушташкан. Кабарларга караганда, пуштундардын болжол менен элүүгө жакын уруу төбөлдөрү жана саясий лидерлери дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү “ал-Кайида” жана Талиптер кыймылы Ооганстан менен Пакистандын чек арасынын “өйүз-бүйүзүндө” тең жүргүзүп жаткан куралдуу зордук-зомбулукту токтотуу чаралары тууралуу талкуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG