Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Пакистандын түндүк-батышында өкмөттүк куралдуу күчтөр менен талип жоочуларынын ортосунда салгылашуу жүрүүдө


Өкмөттүн басма сөз өкүлүнүн маалымдашынча, бүгүнкү кагылышуу учурунда сегиз жоочу өлтүрүлдү. Тик учак жана артиллерияны колдонгон аскерлер “ал-Кайида” жана Талип кыймылдарынын жоочуларынын Бажаур аймагындагы бекинген жайларына сокку урду. Кагылышуу тоолук уруулар жашаган Ооганстан менен чектеш Бажаур аймагындагы Лойи Сам шаарчасына Пакистан армиясы кечээ көзөмөл орноткон соң улантылды. Исламчыл жоочулар аталган стратегиялык жактан маанилүү шаарчаны быйыл августта басып алган болчу.

XS
SM
MD
LG