Бул тууралуу Кадырбековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, тергөө иши аяктап, Башкы прокуратура аны Биринчи Май райондук сотуна берди. Бирок, Кадырбековду абакта кармоо боюнча документ СИЗОго өтүп кеткен 22-октябрдагы дата менен берилип, мыйзам бузулду.Ушундан улам Азимбек Бекназаров процессуалдык талаптардын бузулушуна көз салуу талабы менен Жогорку Кеңештин тиешелүү комититетине кайрылаарын жана адамдык укугу бузулуп жаткан Кадырбековдун укугун Акыйкатчы Турсунбек Акун коргошу зарыл экендигин белгиледи.