Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

ЖК депутатынын дайынсыз жоголуп жаткан уулунун машинасы табылды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Рахматилло Ахмедовдон алынган маалымат боюнча, депутат Жусуп Жээнбековдун 24-сентябрдан бери дайынсыз жоголуп жаткан уулу Бахтияр Амиражанов минип кеткен “Лексус” автомашинасы ишемби күнү №66 орто мектептин жанындагы жайдан табылды. Азыр машина экспертизадан өткөрүлүп жатат, бирок азырынча тергөөгө кошумча боло турган эч кандай даректер табылган жок. Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин 30-сентябрдан бери дареги белгисиз болуп жаткан депутаты Руслан Шаботоевду издөө дагы эч кандай натыйжа бере электигин билдирди.

XS
SM
MD
LG