Ага ички иштер башкармасы менен облустун шаар-райондорундагы милиционерлер катышууда. Семинар-окуу «Кыргыз Республикасынын ички иштер тармагын реформалоо» деген ЕККУнун долбоору алдында өтүп жатат. Анда тартип сакчылары ызы-чуу жана чыр-чатактардын түрлөрү, алардын келип чыгуу себептери менен таанышат. Алар түрдүү акциялар болгон кездерде аны уюштуруучулар менен сүйлөшүү жүргүзүүнүн жана жаңжалдарды тынч жол менен жайгаруунун ыкмаларына көнүгүшүүдө. Окуу-семинарды ички иштер министрлигинин Академиясынын окутуучулары өткөрүүдө. (YA)