Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Казакстан негизги банктарга 5 миллиард доллардык жардам бөлөт


Казак өкмөт башчысы Карим Масимовдун айтымында, расмий Астана өлкөдөгү эң ири төрт банкты каржылык кыйынчылыктан куткаруу үчүн алардын 5 миллиард долларга тете баалуу кагаздарын сатып алууга ниеттенүүдө. Масимов бүгүн жарыялаган билдирүүдө алиги банктарды көзөмөлдөөгө алып келбей турган деңгээлде алардын баалуу кагаздарын убактылуу сатып алууну Казакстан каржы базарынын жөндөөчүсү өкмөткө сунуштаганы айтылат. Аталган Альянс, Би-Ти-Эй, Халык жана Казкоммерцбанк деген банктар бир жылдан ашуун убактан бери каржылык кыйынчылык тартып келет.

XS
SM
MD
LG