Бир нече күн бою улам төмөндөп келген каржы базарларында баалуу кагаздардын наркынын көрсөткүчү бүгүн кайра тездик менен көтөрүлдү. Маселен, Гонконгдун Хаң Сең (Hang Seng) каржы базарында көрсөткүч 14 пайызга, Жапониянын Никкей (Nikkei) каржы базарынын көрсөткүчү дээрлик 7 пайызга көтөрүлдү. Мындай эле көрүнүш Европа каржы базарларында да байкалууда. Бирок адистер каржы базарындагы нарктын мындай кескин көтөрүлүүсү инвесторлордун ишениминин узак мөөнөттүк деңгээлде жогорулашын чагылдырбай тургандыгын эскертишүүдө.