Ал эми кезектештирип, жалпы өчүрүү 3-ноябрдан баштап токтотулат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында Өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков билдирди. Министр мындай өзгөрүүнү 1-ноябрдан баштап борбордоштурулган турак жайларга, имараттарга, мекеме-ишканаларга жылуулук бериле тургандыгы менен байланыштырды. Премьер министр Игорь Чудинов бөлүнгөн лимиттен ашкан аймактардын электр жарыгын өчүрүүнү пландуу жүргүзүп, графигин түзүп, алдын ала элге кулактандырууну тапшырды. (BuS)