Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:23

Келерки айдан тартып мекемелерде каражатты үнөмдөө башталат


Премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн өкмөттүн жыйынында ушул жылдын ноябрынан баштап министрлик, мамлекеттик мекемелерде маяна жана тамактанууга байланышпаган баардык чыгымдар азайтылаарын билдирди. Каржы министри Тажикан Калимбетова министрликтерде куруу жана ондоо иштерине казнадан акча бөлүү токтотулганын кабарлады. Министр айым дүйнөлүк каржы каатчылыгы аймакка таасирин тийгизип, бажыканадан түшкөн киреше төрт жүз миллион сом, салыктан келген пайда жүз элүү миллион сомго азайганын билдирди. Ушундан улам өкмөттөгү ар кандай чыгымдарды азайтып, алынбай калган пайданын ордун толуктоо зарылдыгын баса белгиледи. Акчанын тартыштыгынан мамлекет мындан ары шаан-шөкөттөрдү уюштурбай тургандыгын айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG