Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Нарында даваатчыларга көзөмөл күчөйт


Бул жөндүндө 29-октябрда Нарын облустук мамлекеттик админстрациясында күч органдары менен болгон координациялык кеңеште губернатор Өмүрбек Суваналиев билдирди .Анда каралган 3 маселенин биринчиси болгон диний экстремизмди алдын алуу боюнча сөз сүйлөгөн Улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облусу боюнча башкармасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Козубаевдин айтымында, акыркы убактарда да Нарын облусунда тыю салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясы жанданып жатат. Акыркы жылдары Нарын шаарынын 4 тургуну тыю салынган адабияттарды тараткан деп кармалып соттолгон. Бирок соттук жана укук коргоо органдарындагы коорупцияга байланыштуу жаза мөөнөттөрү азайып калган, деген пикирди билдирди Козубаев. Жыйынтыгында. Суваналиев тиешелүү жетекчилерге даваатчыларды катуу көзөмөлдөөнү тапшырды. (JI)

XS
SM
MD
LG