Бул тууралуу Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында учурда кыймылдын саясий кеңешинин мүчөлөрү жер-жерлерде иштеп жатышат. Аймактардагы иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча келерки дүйшөмбүдө кыймыл элге билдирүү жасап, ноябрь айынын аягында облустардын биринде элдик курултай өткөрөт. Курултайды уюштурууда “Түп сабактары” эске алынат деп билдирди Бекназаров. Мындан мурдараак уюштурган маалымат жыйынында оппозициялык лидерлер жаңы түзүлгөн саясий кыймылдын башкы максаты президент Курманбек Бакиевди Конституциянын чегинде мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү деп билдирген. Расмий бийликтин тарапкерлери бул демилгеде негиз жок деп атышат. (BuS)