Футбол жылдызы катары тарыхта калган Диего Марадона Аргентинанын улуттук курама командасынын тренери катары бекитилээри күтүлүүдө. Эртең ал 48 жашка толгондугун жаңы кызматы менен эриш-аркак белгилемекчи. 1986-жылы Марадона өз курамасын дүйнө чемпиондугуна жеткирген чыгаан футболчу катары таанылган.