Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Бишкек соту Жашылдар партиясынын мүчөсүнүн апелляциялык арызын карайт


Бул тууралуу Жашылдар партиясынын мүчөсү Тилек Сыдыковдун коомдук коргоочусу Азиза Абдырасулова билдирди. Маалым болгондой, Жашылдар партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер 3-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эл менен жолугушуу өткөрүүгө аракеттенген. Тартип коргоо органдары аны санкцияланбаган митинг катары баалап, партия мүчөлөрүн кармап кеткен. Алардын ичинде Тилек Сыдыков Биринчи Май райондук сотунда соттолуп, бир миң сом айып пул салынган. Сот чечимине нааразы болгон коомдук коргоочу Азиза Абдырасулова жана Тилек Сыдыков Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Сот арызды бүгүн карайт.

XS
SM
MD
LG