Гранттарды, кредиттерди, гумжардамдарды Саламаттык сактоо тармагы кандай пайдаланып жаткандыгын талкуулоону Жогорку Кеңеш бүгүн улантты. Бул маселени Миграция, эмгек, социалдык саясат, саламаттык сактоо комитетинин жумушчу комиссиясы териштирип, парламентке жума күнү сунуш кылган. Комиссия тармакка 2001-2008-жылдар аралыгында берилген гранттарды, кредиттерди, гумжардамдарды пайдалануунун натыйжалуулугун иликтеп чыккан. Комиссиянын тыянагына караганда, каражаттарды максатсыз пайдаланган учурлар арбын катталган. Ошондуктан, комиссия мыйзам бузуу фактылары боюнча териштирүүнү тартип коргоо тармактарына тапшырууну сунуш кылды. Маалыматка караганда, саламаттык сактоо тармагына 2001-2008-жылдары тармакка бюджеттен 22 млрд. 420 млн. сом бөлүнгөн. Бюджеттен тышкары 11 млрд.сомго жакын донордук жардамдар берилген. (BuS)BuS)
(