Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Өлкөдө газ кризиси болушу мүмкүн


Мындай пикирин “Азаттыкка” суу-энергетика маселелери боюнча эксперт Базарбай Мамбетов билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап 1 миң куб метр газдын баасын 300 доллардан да кымбаттатып, же ар кыл себептерди айтып такыр эле бербей коюшу мүмкүн. Кыргызстан буга даяр турушу зарыл. Серепчинин пикиринде, негизи эле Кыргызстан коңшуларды газдын баасын 300 доллардан да арзан сатууга көндүрсө болмок. "Буга толук мүмкүнчүлүк бар эле. Болгону кыргыз тараптан эч ким өзүбүзгө ыңгайлуу шарттар тууралуу ооз ачпай койду. Андыктан өзбектер кыргыздарды каалагандай пайдаланууда”,- дейт Б. Мамбетов. Буга чейин Кыргызстан миң куб метр газды 145 доллардан сатып алчу, эми жаңы жылдан тарта бул баа үч жүз долларга чыгаары күтүлүүдө.(AiJu)

XS
SM
MD
LG