Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 17:48

Бишкектеги селсаяктар үчүн атайын жайлар ачылат


Бишкек шаар мэриясы кыш айларында калаадагы селсаяктарды атайын жайларга жайгаштырууну пландаштырууда. Үй-жайсыз калгандар 15-ноябрдан келээрки жылдын 31-мартына чейин убактылуу баш калкалай турган жайлар болот. Шаар акимдерине селсаяктар үчүн күнүгө бир жолу ысык тамак уюштуруу тууралуу тапшырма берилди. Мындан тышкары баңгилер, ичкиликке берилгендер, кургак учук менен ооругандарга өзгөчө камкордук көрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. (AiJu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG