Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Коммунисттер энергетика тармагы боюнча комиссия түзүүнү жактайт


Жогорку Кеңештеги коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, жалпы энергетика тармагында кризисттик кырдаалды иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүү зарыл. Аны Коопсуздук кеңештин катчы Адахан Мадумаров жетектөөсү максатка ылайыктуу. Коммунисттер ошондой эле кризисттин түзүлүшүнө күнөөсү барларды кызматтан алуу маселесин да коюшат. Фракция лидери көтөрүлүп жактан маселе боюнча бүгүн маалымат жыйынын өткөрөт.(AiT)

XS
SM
MD
LG