Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:40

Хорватияда гезиттин баш редакторун өлтүрдү деп шектелгендер кармалды


Полициянын билдиргенине караганда, кармалган он адамдын сегизи хорват, экөөсү серб улутундагылар жана алардын баарынын уюшкан кылмыштуулукка байланышы бар. Ушул айдын жыйырама үчүндө башкалаа Загребдеги жардыруудан Хорватиядагы таанымал гезиттин баш редактору Иво Пукович мерт болгондон кийин, хорват бийликтери уюшкан кылмыштуулкту ооздуктоону убада кылышкан. Андан бери Хорватия менен Сербия да уюшкан кылмыштуулука каршы күрөштү күчөтүүнү макулдашты. Кечээ эки өлкөнүн борборлорун байланыштырган кан жолдун боюна куралчан полицейлер жайгаштырылды.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG