Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда 30-октябрда саат 16:44 тө зилзаланын очогу болгон жерде жер титирөөнүн күчү 5 балл болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда кыйроолор жана жабыркагандар жок. 5-октябрда жер титирөөнүн очогу ошол жерде катталып, анын кесепетинен Алай районундагы Нура айылы толугу менен кыйрап калган. (AJ)