Аталган дүр-дүйнө дүкөнүнүн ондон ашуун кызматкери эмгектик жана конституциялык укуктарын коргоону өтүнүшүп Президентке жана башкы прокурорго кайрылышты. Алардын кайрылуусуна дүкөндүн жетекчилиги сентябрь айынан бери айлыктарын бербей, маянанын ордуна кымбат товар алууга мажбурлаганы себеп болгон. (AJ)