Мындай суроону СДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков комитет төрагасы Зайнидин Курмановго узатты. Курманов “Диний уюмдар жана ишеним эркиндиги тууралуу” мыйзамга ЕККУ өздөрүнүн сунушун таңуулабаганын, айрым маселелер боюнча кеп-кеңешин бергенин билдирди. “Ак жол” фракциясынан депутат Бейшенбек Абдырасаков болсо өлкө аймагында ар кандай диний секталарга тыйуу салып, салттуу диндер будда, христиан, ислам динин эле калтырууну сунуштады. (AJ)