Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

«Каинды- Кант» ишканасы жергиликтүү дыйкандардын кызылчасын албай жатат


Бул туурасында облустагы айыл- чарба жана жаратылышты коргоо боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары Өмүрбек Караев «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында «Каинды- Кант» ишканасы ишин токтоткон жок. Ишкана жергиликтүү дыйкандардын кант кызылчасын кабыл алуудан баш тартып, башка өлкөлөрдөн алынып келинген чийки затты иштетип жатат. Дыйкандар болсо кайда өткөрөөрүн билбей калышты. Быйыл облустагы 761 гектарга кант кызылчасы себилген. Аянттын басымдуу бөлүгү Панфилов районуна таандык. Бул маселени чечүү жолдору бүгүн өкмөт үйүндө каралат, деп билдирди Панфилов районунун акими Самарбек Күчүков. Чүйдөгү ири заводдордун бири болгон Кайыңды- Кантка орусиялыктар ээлик кылышат. Сокулуктагы «Кошой» кант заводу болсо иштебей турат. Токмоктогу кант заводу эчак талкаланган. (JJ)
XS
SM
MD
LG