Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Тажикстан: Карыялар Сибирде кыштап кайтабы?


Өткөн жылы Тажикстан өз тарыхындагы эң эле ызгардуу жана катаал кышты башынан кечирди десе болот. Себеби абанын температурасы Целсий өлчөмү менен 20 градус суукка түшкөнү аз келгенсип, газ жана электр кубатынын таңсыктыгы жергиликтүү калкты ого бетер бушайман кылды. Быйыл болсо мамлекет төбөлдөрү жакындап келаткан кышта өткөн жылдагыдай кризис кайталанбайт деп элди ишендирүүдө. Ал эми эмитеден эле көгүлтүр газдын жана электр кубатынын тартыштыгын тарткан жергиликтүү тургундар мындай билдирүүлөргө анча ынанбай турган кез.

Ханифа айым күйөөсү экөөнүн тапкан-ташыганынын баары үч бөлмө үйүн жылытууга жетиштүү көмүр менен отунга жумшалганын «Азаттыкка» кейип айтты. “Октябрь айынын маянасы тийер замат жыгач жагып жылыткан меш алабыз, ошону менен биз кышка даяр болобуз” дейт Ханифа:

- Ар ким азыр меш, отун жана көмүр алуу аракетинде. Былтыркы каатчылдыктан соң баары тең сарсанаага батып жатышат. Бүгүн биздин мектепте чогулуш болду. Деректирибиз быйылкы кыш былтыркыдан да суук болот, андыктан биз ар бир класс ичине меш орношубуз керек окшойт деди. Кышында бизде электр жарыгы болуп, үйлөрүбүз жылытылат дегенге азыр эч ким үмүт артпай калды.

Тажик тургундарынын тынчсыздануусу жөндүү десе болот. Себеби былтыркы кычыраган кыш Тажикстандын турмушунда эзели болуп көрбөгөндөй ызгаардуу болду. Былтыр кышында абанын температурасы минус жыйырма даражадан да ылдыйлады. Ак кар, көк музга оролгон кан жолдор көчкү жана калың кар менен буулгандыктан, айрым айылдарга жетүү татаал болуп, ал жактар кайсы бир апталар бою таптакыр обочодо калып жатты.

Шарифхан Самиев “Тажик Электр кубаты” компаниясынын жетекчиси. Анын айтымында, тажик өкмөтү бир жыл мурда орун алган отун-кубат кризисинин кайра кайталанбашы үчүн колунан келишинче күч жумшап жатат.

- Биз ноябрь жана декабрь айларында Түркмөнстандан 400 млн. киловатт саат электр кубатын алып келүүнү болжоп жатабыз. Өкмөт да бизге ар бир үйдү электр кубаты менен ырааттуу камсыздоону башкы милдет катары такты. Ноябрь айында биз ар бир үйдү эртең менен жана кечинде төрт сааттан электр кубаты менен камсыз кылабыз.

Деген менен мындай аракеттер карапайым тажик атуулдарынын ишенимин анча туудура алган жок. Себеп дегенде, ушул өңдүү эле келишимдер өткөн жылдары Өзбекстан жана Кыргызстан менен макулдашылган. Бирок жетишээрлик электр кубаты өз убагында келген эмес. Бул үчүн тажик атка минерлери электр кубатын Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүүгө тоскоол болду деп өзбек төбөлдөрүн айыпташууда.

Быйыл болсо, Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү көйгөйдүн орчун бөлүгү өлкөнүн чыгыш тарабында жайгашкан Саңгтуда гидро-электр ишканасынын жаңы бөлүмүнүн курулушу менен чечилет деп убада берип жатышат. Бул курулуш ноябрдын орто чендеринде бүткөрүлөөрү күтүлүүдө.

Бийлик өкүлдөрү борбор калаа Дүйшөмбүдө мындан ары электр жарыгы 24 саат бою үзгүлтүксүз берилет деп убадасын беришкен. Бирок ага карабастан шаар тургундары электр кубаты эч маалы жок эле капысынан өчүп калып жатканын айтып, арызданып келишүүдө.

Орсиянын Азия бөлүгүндөгү кээ бир тажик эмгек мигранттары “Азаттыктын” Дүйшөмбү шаарындагы кабарчысына өздөрүнүн карыган ата-энелерин кыштын ызгаардуу айларында алыскы Сибирдеги орусиялык шаарларга чейин көчүрүп барып, жылуу меш шартында кыштаткан соң, жазга маал кайра атажуртуна жөнөтүү тууралуу ойлонуп жатышканын айтып беришти.
XS
SM
MD
LG