Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:11

Нарында айыл чарбасына алынган насыялардын кайтарымдуулугу төмөн


Нарын облустук акимчиликтин агроөнөржайын өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча, октябрь айына карата облуска дыйканчылык үчүн берилген жалпы насыялардын 43,6 пайызы кайтарылган. Экономиканы өнүктүрүү кору аркылуу 2000-2008-жылдар аралыгында бөлүнгөн 2 миң 897 тонна азыктык буудайдын 71 пайызы бериле элек. Өткөн 9 айда Жумгал районунда Жапон өкмөтүнүн гранттарынан алынган каражаттарды кайтаруу планы 24,8, ал эми Кытай өкмөтүнүн грантын аткаруу 26,7 пайызга аткарылган. Нарын облусундагы сот органдары тарабынан 790 тонна аштык буудайды өндүрүү чечимдери чыккан. Бирок сот аткаруучулар тарабынан бир тоголок баш буудай да өндүрүлгөн эмес. (KUs)

XS
SM
MD
LG