Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Игорь Чудинов Түркиянын өкмөт башчысы менен жолугушту


Иш сапарында премьер-министр Игорь Чудинов Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Эрдоган менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууга кол койгон. Эрдоган Кыргызстанга инвестициянын көлөмүн көбөйтүү керектигин билдирип, түркиялык үч жүзгө чукул ишкер кыргыз экономикасына салым кошуп жатканын белгилеген. Чудинов “ Sheraton” мейманкансында Кыргызстан-Түркия бизнес форумуна катышып, өлкөдө ивестициялык шартты жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, энергетика, коммуникация, айыл чарба жана тоо-кен иштетүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканын билдирген. И.Чудинов баштаган делегация кечээ (30-октябрда) Түркияга барышкан. Маалыматтарга караганда 1995-жылдан бери Түркия Кыргызстанга 200 миллиондон ашуун АКШ долларын инвестициялаган. 2008-жылы кыргыз экономикасын көтөрүүгө 16,5 млн. АКШ долларын бөлгөн. Эки өлкө ортосундагы сырткы товар жүгүртүү ушул жылдын жети айында 66,6 млн. долларды түзгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG